Камчыбек Ташиев депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салды. Мындай чечим бүгүн, 28-сентябрда кабыл алынганын SUPER.KG`ге БШКдан билдиришти. Мындан тышкары "Республика - Ата Журт" партиясына расмий эскертүү берилди.
кошулду
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. Бир күн мурун теледебатта "Республика - Ата Журттун" тең төрагасы Өмүрбек Бабанов Ташиев эч кимди токмоктобогонун билдирип, бирок окуянын чоо-жайын так түшүндүрүп бере албай калган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

