super.kg logo

Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстан эми кедей өлкө эмес"

 
"Дүйнөлүк банк биздин өлкөнү жакыр мамлекеттердин катарынан чыгарып, экономикасы өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кошту. СДПК демилгелеген реформалар жана инфраструктуралык долбоорлор жана элдин эмгеги Дүйнөлүк банктын жөндүү аракеттерине негиз болуп берди",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асылбек Жээнбеков Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушууда. 
Партиянын маалымат кызматына таянсак, Жээнбеков учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи. "Артта калган 5 жылды карап көрүп, өлкөбүз 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кандай кыйын жолду басып өткөнүн көрөбүз. 2010-жылы негизги максат каргашалуу окуялардан кийин тынчтыкты сактоо, Кыргызстанды калыбына келтирүү болгон. СДПК президенттин экономикалык демилгелерин колдоду, өлкөдө, парламентте саясий туруктуулукту камсыздоо боюнча өзүнө милдеттенме алды",- дейт талапкер. 
Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын Ички дүң продукциясы 2 эсе көтөрүлгөнүн айтат. 2009-жылы ал 200 миллиард сом болсо, 2015-жылдын жыйынтыгында 400 миллиард сом болору күтүлүп жатканы, президенттин демилгеси менен коррупцияга каршы жарыяланган күрөш салык жана бажы алымдарынан бюджетке түшкөн каражат 2,5 эсе көбөйгөнү айтылат маалыматта. 

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: