Замир Өсөров: “Өмүрбек Текебаев дүйнө державаларынын лидерлери менен тең тайлашчу адам"

Учурда парламенттик шайлоого карата КТРКда өтүп жаткан теледебаттар, шайлоо алдындагы партиялардын программалары жана платформалары айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан кез. "Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, публицист Замир Өсөров өзүнүн "Фейсбуктагы" социалдык баракчасына “Ата Мекен” партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу пикирин жазган. Анда булар айтылат:
“Ата Мекенге” добуш берүүнүн олуттуу 7 себеби:
1. Эгерде кимдир бирөө Кыргызстанды парламенттик башкаруу системин курууга жана демократияга кайтарып, бизди артка сүйрөгөн жагымсыз кыймылдан сууруп чыга турган болсо, бул тек гана “Ата Мекен” партиясы, анын ишенимдүү жеңиши. Башка бир дагы партия же лидер аркасында дүйнө жүзү боюнча демократия менен күрөшүп жаткан кубаттуу улуу державанын президенти турган бийликтин кысымына туруштук бере албайт.
2. Өлкө саясий күрөштө күчтүү жана майтарылбас лидерди көптөн күткөн. Бул адам Өмүрбек Текебаев боло алат. Эгер кимде-ким дүйнө державаларынын лидерлери менен тең тайлаша ала турган болсо, анда бул дал ушул инсан. Башка кыргыз саясатчыларынын ага акылы жана руханий кубаты жетишпейт же ким жөндөмдүү болсо да, жогору көтөрүлө албайт.
3. Өмүрбек Текебаев мурдатан эле баарынын башын бириктирген саясатчы болгон. Ал өлкөнүн түндүгүндө да, түштүгүндө да теңме-тең шайлоочулары бар жалгыз адам болушу мүмкүн.
4. Эгерде өлкөнүн түштүк аймактарын алсак, мында Өмүрбек Текебаев кыргыз-өзбек диаспораларынын ортосунда бириктирүүчү ролду ойнойт. Аны кыргыздар сыяктуу эле достук жана ынтымакта жашаган этностордун басымдуу бөлүгүн түзгөн өзбектер да колдошот.
5. Текебаевдин партиясынын Мырзакматовдун партиясы менен кызматташуусу бир жагынан алганда, өлкөнүн түштүк борборунда туруктуулукка жетишүү үчүн абдан зарыл болгон. Бул кадам көптөн күткөн саясий консенсустун жаралышын кабарлап турат. Ошону менен бирге “Ата Мекендин” лидеринин позициясын кыйла күчтөндүрдү.
6. Саясат – мүмкүнчүлүктүн искусствосу жана ийгилиги мүмкүн болгон варианттардын ичинен туура тандоо жасаганда гана келет. Текебаевге жана анын партия мүчөлөрүнө караганда мага көбүрөөк жаккан башка лидерлер бар, бирок анын жеңиши бизге жаккандар үчүн кеңири эшик ачууга шарт түзөт.
7. Балким, бул жеңиш өлкөгө учурдагы саясий шарттарда көз карандысыздыкты сактап калууну камсыздап, акырындык менен аны туруктуу демократиялык келечекти куруу багытына бурат. Текебаевдин башка жолу жок, үй-бүлөлүк-кландык башкаруучуга же жадакалса диктаторго айлануу мүмкүнчүлүгү калган жок. Анын жаш курагы 60ка жакындап калды, анын өлкө үчүн татыктуу эмгектенүүгө 5 же 10 жылы бар. Бул мүмкүнчүлүктү ал өмүр бою күткөн сыяктуу.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



