super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз аял судьяларынан түзүлгөн ассоциация биринчи конференциясын өткөрдү

 

Кыргыз аял судьяларынан түзүлгөн ассоциация эл аралык жана донордук уюмдардын жардамы менен Ысык-Көлдө «Кыргыз Республикасында балдардын сот адилеттигине жетишүүсү» деген аталышта 3 күндүк конференция өткөрдү. Бул тууралуу 29-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Конференциянын жүрүшүндө балдардын сот адилеттигине жетишүүсү боюнча эл аралык стандарттар, жазык сот адилеттиги шарттарындагы мыйзам менен карама-каршылыкта балдардын укуктарын коргоо, жазык сот адилеттиги шарттарындагы курмандыктардын жана кылмыштардын күбөлөрү болгон балдардын укуктарын коргоо, жарандык сот өндүрүшүндө балдардын укуктарын коргоо, балдардын укуктарын коргоо маселелеринин сотсуз механизмдери талкууланды.

Иш-чаранын соңунда Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы Феруза Жамашева конференцияны жыйынтыктап, катышуучулар менен биргеликте мындан аркы кадамдарды талкуулашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: