Чыныбай Турсунбеков: "СДПК популисттик ураандарды кыйкырбайт"




"Бардык чакырылыштагы парламенттердеги иши учурунда СДПК популисттик ураандарды кыйкырган эмес, жөн гана көйгөйлөрдү иш жүзүндө чечүүнүн үстүнөн иштеп келген",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыныбай Турсунбеков Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер СДПК ар бир чечимди ойлонуп кабыл аларын, бул үчүн элге жооп бере аларын айтат. "Социал-демократтар элге берген убадаларын аткарды. Биринчи кезекте биз элге тынчтык жана туруктуулук тартууладык. Өлкөнүн ички дүң продукциясын көтөрдүк. Миңдеген чакырым жолдор, "Датка-Кемин" линиясы курулду, оорукана, мектептердин курулуштары жүрүүдө. Бюджеттик мекемеде иштегендердин айлыктары көтөрүлдү, пенсиянын базалык бөлүгү көбөйтүлдү. Насыялар, лизингге техникалар берилип, миңдеген гектар жаңы айдоо жерлери пайда болууда",- деди Турсунбеков.
Партия лидери бүгүнкү күндө СДПКга ар бир шайлоочунун добушу маанилүү экенин айтты.
"Сиздердин добуш биз үчүн абдан маанилүү. Бардык партиялар шайлоо алдында убадаларды берип жатышат, кимиси чындыкты, кимиси жомок айтып жатканын таразалашыңыздар керек. Баарын анализдеп көргүлө. Сиздерде "Эмне үчүн социал-демократтарга добуш беришим керек?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Жооп берем, анткени биздин парламенттеги ишибиз таза жана туруктуу мамлекет куруп жатканыбызды далилдеди",- деп билдирди Турсунбеков.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

