super.kg logo

Жаш Гвардия бульварында адамдын өлүмүнө жеткирген мушташ боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду

 

28-сентябрда кечинде Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсү кесилишкен аймакта адамдын өлүмүнө жеткирген мушташ боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрда саат 21:00 чамасында 20-25 жаштардагы үч жигит Жаш Гвардия бульварындагы отургучта сүйлөшүп отурушкан. Алардын тушундагы отургучта улуураак үч адам арак ичип, бир нерсени майрамдап жатышкан. Алар берки үчөөнү чогуу майрамдоого чакырышкан. Балдар баш тартышканда эс алуучулардын ортосунда уруш чыгып, мушташка жеткен. Анын жыйынтыгында бир адам жерге кулап түшкөн. Учурдан пайдаланып балдар качып кетишкен. "Тез жардам" кызматы жана милиция келгенде анын каза тапканы аныкталган.

"Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө каза тапкан адам Нарын облусунун 36 жаштагы тургуну С.Уланбек экени аныкталды. Анын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиция ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургундары: 21 жаштагы С.Даут, Р.Абдилакин жана Т.Исмаилди кармашты. Суракта алар 28-сентябрда убактылуу жашап жаткан жеке мейманканадан чыгышып, ашканага тамактанып, андан соң балдар Жаш Гвардия бульварына эс алганы барганын айтышты. Ал жерден мас адамдар менен мушташып, бири кулап түшкөндө, корккондугунан качып кетишкени белгилүү болду.

Бул факт Ленин РИИБинде катталды. Кармалган балдар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(7)
29.09.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам арактын пайдасы эмне болду
29.09.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мастарга тенелбей эле,кетип калышса болмок, ХХХ деп,кыжырына тийген го тиги мастар!
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-30 09:46:33
30.09.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada78 - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
29.09.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Из кубарлар, кантип табышканы кызык. Шаарда жуз миндеген адамдардын арасынан...
30.09.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карапайым адамдардын балдары болсо шору куруду дей берели
30.09.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан дагы кызык неге депутаттар мушташса аларды убактылуу камакка камап кармашбайт да карапайым элди эле камаганга уста экен
05.10.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон отурган балдарга эмнеге тийишишет.Жон эле иччу арагын ичип отура бербейби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: