Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты





Бишкекте 29-сентябрь күнү БМВ-530 унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Т.Эдил башкарып келе жаткан унаанын ичинен 1986-жылы Жумгал районунда туулган К.Мирлан, 1992-жылы Токмок шаарында туулган О.Нурсултан аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышкан. Үчөө Эне-Сай жаңы конушунда жашап келишкени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Унааны текшерүү учурунда жүргүнчүлөр отуруучу жайдан атуучу курал табылып, ал боюнча экспертиза дайындалды. Кармалгандардын экөөсү мурун сот жообуна тартылышкан. Алар түзөтүү колониясына К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү менен жолугуу үчүн келишкени белгилүү болду. Факт боюнча чогултулган материалдар Тергөө башкармалыгына жиберилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.