Талапкерлердин тизмесинен чыгарылышына байланыштуу соттук отурумга Камчыбек Ташиев катышпай калышы мүмкүн
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин БШК тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылышы мыйзамдуу же мыйзамсыз экени каралат.
Саат 10:00дө баштала турган отурум жарым саатка жылдырылды. Азырынча К.Ташиев келе элек. Анын адвокаты Жыргалбек Бабаев SUPER.KG порталына соттук отурумга Ташиев келбей калышы мүмкүн экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

