super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын Улуттук банктарынын башчылары кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосунда кызматташтык боюнча протоколго 29-сентябрда кол коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Документке Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Кытай Эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань кол коюшту.

"Биздин банктардын ортосундагы кызматташтык жана коммуникацияны бекемдөө боюнча ишмердүүлүгүбүзгө өзгөчө басым жасайбыз деген ойдомун",- деди Толкунбек Абдыгулов.

Кытай Эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань: "Биз өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана Кыргыз Республикасы менен Кытайдын улуттук валюталары тууралуу маалымат алып, пикир алмаштык. Бүгүн биздин борбордук банктардын алдында көптөгөн маселелерди чечүү талабы турат. Кол коюлган меморандум мындан кийинки жол картасы катары кызматташтыктын ишин пландаштырууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал сөзсүз түрдө мындан кийинки ийгиликтүү иштешүүбүзгө жакшы түрткү берет",- деди.

Меморандум Кыргыз Республикасы менен Кытайдын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыктын бир катар багыттарын бекемдөөгө багытталган. Анын катарында эки өлкөнүн финансылык мекемелеринин ортосундагы эки тараптуу соода-сатык жүргүзүү жана инвестициялоо боюнча кызматташуу менен кытай элинин юанын, кыргыздын сомун эффективдүү колдонуу, байланышты бекемдөө дагы бар. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү валюталар аркылуу төлөм жана эсеп жүргүзүү боюнча тийиштүү маалыматтарды алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн эки тараптан колдоо көрсөтүү да каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: