super.kg logo

Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанаттуу концерт өттү (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз опера жана балет театрында Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанаттуу концерт өттү. Ага Бишкек шаарынын ар кайсы мекемелеринде эмгектенип, ардактуу эс алууда жүргөн 500гө жакын ардагерлер катышты. Кечени Ассоль Молдокматова алып барды. Ал эми Кыргыз опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов кече ээлерине чың ден соолук каалап, "силерди Карылар күнү менен эмес, кайраттуу адамдардын майрамы менен куттуктап өтүүгө уруксат этиңиздер" деди. Көрүүчүлөрдүн көңүлүн театрдын солисттери Медиана Баитова, Айзирек Момунова, Бакыт Алмабеков, Ангелина Федорова, Марат Сыдыков, Эрмек Мараимов жана башкалар искусство дүйнөсүнө чөмүлтүштү. Сахнада белгилүү дүйнөлүк классикалык опера жана балет чыгармалары аткарылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.09.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бишкекте эле белгиленип жатабы, же бут Кыргызстандабы.,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: