super.kg logo

Бүгүндөн баштап жатак-үйлөрүндө дары-дармекке деп берилген каражаттар 2 эсеге көбөйтүлдү

 

Бүгүндөн баштап жатак-үйлөрүндө дары-дармекке деп берилген каражаттар 6,5 сомдон 12,7 сомго көбөйтүлдү. Муну бүгүн, 1-октябрда журналисттерге КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары быйыл бир күндүк тамактын өлчөмү 55 сомдон 100 сомго көбөйтүлдү.

Албетте, эртең мененки, түшкү жана кечки тамагыңдын жалпы баасы 100 сом болгону өтө аз. Бирок бул мурункуга караганда эки эсе көбөйдү дегенди билдирет. Мындан тышкары биз бир гана бюджеттик акчаларды карап отура бербестен, өзүбүз да донорлорду тапканга аракет жасайбыз. Мисалы, жакында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча 3 жылдык долбоор утуп алдык. Ага ылайык, 16 миллион доллар берилет. Ал каражаттарга биз 42 миң үй-бүлөгө жана 220 миң адамга азык-түлүк жардамын көрсөтөбүз”,- деди министр.

Кошумчалай кетсек, учурда Социалдык өнүгүү министрлигинде 940 социалдык кызматкер 10 миң төшөктөн тура албаган жарандарыбызды карап келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: