Чет өлкөлүк байкоочулар шайлоодо экинчи жолу добуш бергени жаткан жаранды токтотуп калганын айтышты



Бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында чет өлкөлүк байкоочулар шайлоонун жүрүшүндө экинчи жолу добуш бергени жаткан жаранды токтотуп калганын айтышты. Эстониядан келген байкоочу Дилайла Накур-Таммиксаардын айтымында, ал бүгүн 5 шайлоо участкасына барды: төртү Бишкекте жана бири Чүй облусунда. "Шайлоо жакшы өтүүдө. Айрым участкаларда элдин көптүгүнөн тыгын пайда болууда. Милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп жатышат. Бир участкада адам экинчи жолу добуш бергени жаткан, бирок анын өздүгүн аныктап жатканда, монитордо кызыл сигнал көрсөтүлө баштады. Муну байкаган байкоочулар жарандын бул аракетине жол беришкен жок. Милиционерлер аны сыртка чыгарып коюшту",- деди Дилайла.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Байкоочулар: "Экинчи жолу добуш бергени жаткан жаран сыртка чыгарылды"
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

