super.kg logo

Жалал-Абад шаар аймагында батирдеги уурулук фактысы көп катталууда

 

Жалал-Абад шаар аймагында батирлерге уурулукка кирүү фактысы көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык милицияга жогорудагыдай көрүнүштөр боюнча арыз менен жергиликтүү жашоочулар көп кайрылышат. "1-октябрь күнү саат 09:00-17:30га чейинки аралыкта, үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланган белгисиз кылмышкерлер Энергетик көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине терезесинин форточкасы аркылуу киришип, үй ичинде катылуу турган болжол менен 150 000 сомдук алтын буюмдарды жана 50 000 сом акчаны уурдап кетишкен" деген мисал келтирилет маалыматта.
"3-октябрда түн ичинде белгисиз кылмышкерлер Курманбек көчөсүндө жайгашкан 2 үйгө: биринин жер төлөсүнүн кулпусун бузуу жолу менен киришип, бир даана ширетүүчү аппаратын, 2 казанды жана 30 банка кыямды уурдап кетишкен. Ал эми экинчи үйдүн жер төлөсүнүн кулпусун бузуп киришип, 3 чоң казанды уурдап кетишкен",- деп маалымдайт мекеме.
Учурда бул фактылар боюнча ыкчам иликтөө иштери жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагыдай терс көрүнүштөрдөн улам шаардык милиция жашоочулардын өз короо-жайларына сак болуусун жана шектүү чоочун адамдар жүргөнүн көрсө, милицияга (102) кабарлап туруусун эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.10.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого даярдык кызуу журуп жатат деп, милициялар башка иштерин калтырып коюштубу ?
05.10.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кочодо болгон тура, корко баштадым, биз да уйдо кундузу коп болбойбуз да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: