Чычкан капчыгайында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жол тилкесинен чыгып кетип, бир адам жабыркады
Токтогул районунун Чычкан капчыгайында Хонда Фит унаасы жол кырсыгына кабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, унаа ээси Ч.Боронов 5-октябрь күнү саат 08:30 чамасында унаасын башкара албай жол тилкесинен чыгып кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун аялы жабыркап, унаа ичинен куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Ошол замат аны "Тез жардам" кызматы кырсык болгон жайдан алып кеткен.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.