Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Саша табыла элек, аны акыркы жолу Беловодск айылынан көрүшкөн

Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Шорин Александр аттуу өспүрүм дагы деле табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баланын атасы буга чейин соттолгон экен, ал эми энеси мурда каза болгон. "Баланы акыркы жолу Беловодск айылынан көрүшүптүр. Учурда аны издөө уланууда",- дешти мекемеден.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, бала Кузнечная Крепость көчөсү-384 дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Анын бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү көк, чачы кыска, сары өңдө. Ал көк түстөгү спорттук кийимчен болгон, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Эгер Ш.Александр боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине (0550) 102 872, (0551) 102 805, (0557) 201 268, (0709) 242 483 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kanykey125

06.10.2015. 12:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылып калсын эми кудай буйруп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.