super.kg logo

Аламүдүндө өрт өчүрүүчүлөр "мас абалында кесиптешин бычактап салышкан" деп шектелишүүдө

 

Аламүдүн районунда өрт өчүрүүчүлөр "мас абалында кесиптешин бычактап салышкан" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда саат 14:00 чамасында Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө Орто-Сай айылында жансыз дене табылганы тууралуу маалымат түшкөн. "Ыкчам тергөө тобу маркум азиат улутундагы 30-35 жаштардагы жаран экенин аныктаган. Жансыз денеден бир нече ирет сайылган бычактын издери табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында маркумдун өздүгү аныкталган: ал Ысык-Көл облусунда 1978-жылы туулган О.Н. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон",- деп билдирет мекеме.
"Кечээ, 5-октябрда тергөө амалдарынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары эки жаран кармалды: 1985-жылы туулган Нарын облусунун С.К. аттуу тургуну жана 1978-жылы туулган Ысык-Көл облусунун О.С. аттуу тургуну. Алар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, адам өлтүрүү мас абалындагы уруштан чыккан. Учурда тергөө уланууда. Кылмышка шектүүлөр жана маркум Өрт өчүрүү кызматынын райондордун бириндеги бөлүмүнүн кызматкерлери экени аныкталды",- деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.10.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каза болгон болгон бала биздин айылдан, артында 3 баласы калды, абдан жакшы кишилердин баласы эле, жаткан жери жайлуу болсун, бугун коюлду, ким олтурсо дагы ошол олтургон кишилер табылса болду, бул бала озу ичимдик иччу эмес, машинасы дагы жок болуп жатат, олтуруп туруп машинасын айдап кетишиптир. энесинин, жубайынын сыздаганын коруп жанына киши чыдап тура албайт, бейиши болсун байкуштун.
06.10.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдарга не болгон бирин бычактап катуу жаза колдош керек
06.10.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы айылдан болду экен
zhykyo түзөттү 2015-10-06 14:27:10
06.10.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр элдерде мындай тушунук : "Бир нерсе болсо,акча менен,же тааныш тунуш кылам "дегендер. Мыйзам тегиз иштебейт . Алсыз. Кылмыштуулук коп. Жаткан жери жайлуу болсун. Кылмышкерлер катуу жазаланышсын. Ата-эне,бир тууган,уй-булоосуно сабыр тилейбиз.
06.10.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жаман окуя,бир уйбулого чон кайгы келишиптир кудай аткырлар
06.10.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын кесепети
06.10.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аты чыкпаган өзү пажар эле калды. булар деле жинди эмеско ойлонгонда байкуштар баарыле интернет теледен чыгып атат бизделе чыгалы дегенго.Отту өчүрсөк ичким мактабайт экендеп.
shailoo2015 түзөттү 2015-10-06 18:21:02
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: