Бишкекте белгисиз адамдар инкассаторду токмоктоп, жарым миллион доллардан ашуун акча уурдашты

Бишкекте бет капчан белгисиз адамдар инкассаторго кол салып, 612 миң доллар уурдашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ түнкү маалда Жумабек көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин короосунда орун алды. "Бул факт боюнча "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүүдө",- деп билдиришти мекемеден.
Алдын ала маалыматтар боюнча, туристтик компаниянын инкассатору акча каражатты "Манас" аэропортуна жеткириши керек болчу. Ур-токмоктон улам инкассатор баш сөөгүнөн жана баш мээсинен жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.