super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев "мугалимдердин айлыгы дагы көтөрүлөт" деди

 

Бүгүн, 8-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Ноокен районунун Сакалды айылындагы жаңы курулган мектепке барды. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, аталган мектеп быйылкы жылдын 1-сентябрында ишке берилген жана 225 окуучуга эсептелген.

Өкмөт жетекчиси имараттын ичин көрүп билим берүү мекемесинде тийиштүү инфраструктуралар толук каралбаганын белгилеп, тезинен мектептин курулуш сапатын иликтеп чыгуу жана даараткана куруу тапшырмасын бергени айтылды.

“Быйыл мамлекеттик бюджеттин эсебинен 71 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Кийинки жылы 100 мектепти реконструкциялап жана жаңы 100 мектеп куруу пландалууда. Учурда мектептерди салууда бирдиктүү стандарт иштелип чыккан, ага ылайык, ашкана, спортзал, даараткана болушу шарт. Ошол эле учурда өкмөт мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча реалдуу кадамдарга барып, быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта мугалимдердин айлык акысы 50 пайызга жогорулады. Бул алгачкы гана жогорулатуулар, мындан ары дагы бул үчүн бюджеттен акча каралат”,- деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: