Бишкек ШИИББи: "Бүгүн Бишкекте табылган аялдын жансыз денеси боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө"

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте табылган аялдын жансыз денеси боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. Аялдын жансыз денеси бүгүн саат 09:00 чамасында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жаш Гвардия менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. "Милиция учурда ал жерде өлүмдүн себебин аныктоо боюнча экспертизаларды жүргүзүп жатышат. Толук маалымат азырынча жок",- дешти басма сөз кызматынан.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.