"Кылмыш иши боюнча шектүүнү кыйноого алган" деп милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Ысык-Ата райондук ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-августунда милиция кызматкерлери М.Ш., А.Р. жана К.К. кылмышка шектүү катары Ш.А. аттуу жаранды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Унаа уурдоо кылмышын моюнуна алдыруу максатында аны сабап салышкан. Натыйжада ал оор жаракаттарды алып, сол бөйрөгү катуу жабыркаганы аныкталган. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

бирок кайсыл ууру же кылмышкер сен ушул кылмышты кылдын деп айтса мойнуна алат?