super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин спикери менен Европа өнүктүрүү банкынын өкүлү мындан аркы кызматташтыкты сүйлөшүштү

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-октябрда Европа өнүктүрүү банкынын кыргыз жериндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырлини кабыл алды. Спикер кыргыз өлкөсү менен аталган уюмдун кызматташтыгы жандуу өнүгүп жатканын белгилеп: "1993-жылдан бери сиздердин банк тарабынан Кыргыз Республикасына ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу багытында 550 миллион доллар бөлүндү",- деп билдирди.

Манастырли уюм мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип жатканын белгиледи. "Биз мындан ары да Жогорку Кеңеш жана өкмөт менен жакындан кызматташып, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу инвестициянын көлөмүн арттыра турганыбызга ишеним артам",- деди ал. 

Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ЕРӨБ менен кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын билдиришкенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: