Алмазбек Атамбаев менен Нурсулуу Ахметова элге жеңилдетилген насыя берүүнүн жолдорун талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованы кабыл алды. Президенттик аппараттын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда мамлекет башчыга чакан жана орто ишкердикти, агрардык өнөр жай комплексин, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча маалыматтар берилди.
Алмазбек Атамбаев ишкерлер менен дыйкандарды арзан каражат менен камсыздоо керектигин белгилеп, ошондо гана экспорттун көлөмү көбөйүп, мамлекетибиздин экономикасы Евразиялык экономикалык союздун алкагында өнүгө аларын айтты. Өлкө жетекчиси бюджеттик кызматкерлерди жана аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу үчүн ипотекалык насыя берүү программасын ишке ашыруу керектигин билдирди.
Тараптар жарандарды узак мөөнөткө берилчү жеңилдетилген насыя менен камсыздоо үчүн мамлекеттик ипотекалык программа түзүү механизмдерин талкууга алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

