super.kg logo
  Саясат  

Сокулукта 3 миң тонна жашылча-жемишке ылайыкталган логистикалык борбор ачылды

 
Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-октябрда Сокулук районундагы “Агропродукт Азия” логистикалык борборунун ачылышына катышты. 
Премьер-министр: “2700 чарчы метр аянтка жайгашып, 3 миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул логистикалык борбордун Чүй аймагы үчүн эле эмес, жалпысынан мамлекетибиздин айыл чарбасына жана экономикасына пайдасы тиет”,- деп баса белгиледи.
“Түшүмдү жыйноо жана сактоо эски стандарттар боюнча сакталып, учурдун талабына жооп бербегендиктен, дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40 пайызын гана сактап калышууда. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт ушул сыяктуу логистикалык борборлорду, жашылча-жемиш сактоочу жайларды жана күнөсканаларды куруу боюнча иштерди аткарып жатат. Андан сырткары соода-логистикалык борборлорду куруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашылча-жемиш продукцияларын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга коротулган каражаттарын 50 пайызга азайтат",- деп билдирди өкмөт башчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: