Арча-Бешикте үйдүн ээси өзүнөн улуу конокту бычактап салды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда үйдүн ээси конокту бычактап салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 11-октябрда 20:40 чамасында милицияга аталган факт жана №4-шаардык ооруканага 35-40 жаштардагы азиат улутундагы жарандын жансыз денеси алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. "Тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуя кандай болгону белгилүү болду: ошол күнү саат 20:00 чамасында Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринде үйдүн ээси жана анын досу арак ичип жатышып уруша кетишкен. Мушташта үйдүн ээси коногунун төшүнө бычак сайган. Жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Кийин анын өздүгү аныкталды: ал аталган конуштун 1976-жылы туулган Ж.З. аттуу тургуну болгон. Ал эми үйдүн ээси 1980-жылы туулган жаран экени аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.