Абактан качкан кылмышкерлер изделип жаткандыктан, футболго тартылчу тартип сакчыларынын саны азайышы мүмкүн

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен 4 кылмышкер кармала элек. Аларды издөө иштери кызуу уланып жаткандыктан, бүгүн кыргыз футболчуларынан Бангладешке каршы беттешинде кызмат кылчу тартип сакчыларынын саны азайышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Турсунбек Чалов билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Адилет Бектуров
Анын айтымында, Бангладешке каршы беттеште кызмат алчу тартип сакчыларынын саны канчага кыскартылары тууралуу азырынча так маалымат жок. 8-октябрда Тажикстанга каршы беттеште 3,5 миңден ашык милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алышкан.
Ошондой эле түшкү саат 13:00дөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфиловго чейинки бөлүгү, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүйдөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Ошондой эле атайын тосмолор коюлуп, жөө жүрүүчүлөрдүн да бул жайлар аркылуу өтүүсүнө чектөө коюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
M89

13.10.2015. 12:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бугун футбол тынч отсо экен. Эртерек кармагыла эми.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.