Бишкекте террордук топко каршы операцияда талкаланып, кайра жаңыдан салынган үйлөрдүн ачкычтары эртең тапшырылат



Бишкекте террордук топко каршы операцияда талкаланып, кайра жаңыдан салынган үйлөрдүн ачкычтары эртең, 14-октябрда тапшырылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипованын билдиришинче, талкаланган үйлөрдүн экөөсү жаңыдан салынып, дагы экөөсү оңдоодон өттү. "Ал эми террордук топ баш калкалап турган үй азырынча оңдоло элек",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Үйлөрдүн ачкычтарын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тапшырмакчы.
Айта кетсек, 16-июль күнү УКМКнын атайын кызматы Бишкектин эки жеринде террордук иш-аракеттерге каршы операция жүргүзүп, жалпы 7 согушкерди колго түшүрүп, 7 согушкерди өлтүргөн. Бишкектин Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 9 согушкерди кармоо учурунда ал жердеги 5 үй күйүп, талкаланып калган эле. Операциядан улам келтирилген чыгым 6,5 миллион сомду түзгөн. Ал эми ал үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 5 миллион сом бөлүп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(2)
Bermet_Kasymova

13.10.2015. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конушунар кут болсун! Бардык нерсе жакшылыкка
AiBoru

13.10.2015. 13:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге кылмышкерлер баш калкалаган уйду ондошподу экен. Бир мандем бар го.....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.