Ошто "кытайлык соодагер аялды өлтүргөн" деген шек менен анын мекендеши кармалды
12-октябрда Ош шаарындагы “Датка” соода борборунун аймагындагы кичинекей үйдөн 1973-жылы туулган Кытай Эл Республикасынын жараны Йао Янысанын жансыз денеси табылган. Милиция анын кордук менен өлтүрүлгөнүн, моюнунда жана башында бычак издери калганын аныктаган.
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, маркум жолдошу менен бирге базарда соода-сатык менен алектенип келген. Белгилүү болгондой, окуя катталган күнү анын жолдошу Бишкекте болчу.
Маалым болгондой, бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, соода борборунда маркум менен тааныш болгондор суракка алынышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 27 жаштагы анын мекендеши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын аталган соода борборунда иштеп, аял менен кошуна жашаганы аныкталды. “Ал бул кылмышты жасаганын моюнуна алды. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп жазылат маалыматта. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Umar080814

13.10.2015. 17:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйронду окшойт бизден
Mercedes202

13.10.2015. 17:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечее бир окурманыбыз жазды эле, озунун эле мекендеши олтурду деп, туура айтыптыр козу ачык го
Mars55

13.10.2015. 17:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кытайга азайды ошто
Medina87

13.10.2015. 17:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болгон кундо да адам омуру кыйылып отурат. Кылмышкер улутуна карабай ким болсо да жазасын тартсын!
Abdyrashit.Satylganov

13.10.2015. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде кытайлар көбөйүп бара жатат да.. Ушул жөнүндө ойлонгон министрлер барбы? кичинекей Кыргызстан ой жок жатат.. Дөөдөй Орусия тынчсызданып чара көрө баштады.. Акыркы 10 жылдын ичинде Кытайдын эли массалык түрдө көбөйөт,кошуна өлкөлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.деп дүйнө эли айтып жатат...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.