super.kg logo

Ошто “Сергек жашоо үчүн чуркоо” марафонуна 200 өспүрүм катышты (фото)

 

Бүгүн, 16-октябрь күнү Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда “Сергек жашоо үчүн чуркоо” марафону өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, марафонго Ош шаарынын 9-14 жаштагы өспүрүмдөрү катышты.

Иш-чараны вице-мэр Ильичбек Эргешов ачып, балдардын ден соолугу мамлекеттин эң биринчи байлыгы экенин белгиледи.

Азыркы учурда жаш балдардын ден соолугунун начарлоосуна көптөгөн себептер бар. Алардын ичинде: ата-энелер балдарын алдын ала эмдетүүдөн баш тартуусу, ата-энелердин сабатсыздыгы, балдарынын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылуусу. Ушундай көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу зарылдыгы келип чыгууда. Ден соолугу бекем эл - күчтүү мамлекет. Ошондуктан мамлекет менен коомчулук биргеликте сергек жашоонун принциптерин жайылтуу керек”,- деди Эргешов.

“ Save the Children” Эл аралык уюмунун Борбор Азия аймагы боюнча директору Томас Вимбер:

Марафондун Ош шаарында өтүп жатканына мен аябай кубанычтамын. Ушуну менен Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк сергек жашоо үчүн чуркоо кыймылына катышат. Бул чуркоо марафону дүйнөдөгү 60 мамлекетте өтөт. Марафондун максаты - балдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбоо”,- деп билдирди.

Марафонго жалпы 200дөн ашуун өспүрүм катышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамота, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Аталган марафон өлкөдө 3-жолу өтүп жатат. 2013-жылы Бишкек шаарында, 2014-жылы Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.10.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык кызык
16.10.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага тааныштар корунбойтко десем жаштар турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: