Ошто аскер кызматкерлеринин балдары үчүн аянтча ачылды















Ош шаарында 17-октябрь
күнү КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Түштүк-батыш аймактык командалыгынын аскер
кызматкерлеринин балдарына ыроолонуп оюн аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Ош
шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ачылыш аземине вице-мэр Ильичбек Эргешов, полковник Эрнист
Тердикбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Балдар аянтчасы
президент Алмазбек Атамбаевдин берген 500 миң сомдук сертификатынын негизинде
курулду. Анын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга
таттуу белектер таратылды",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.