Дары-дармек сатып алууда мамлекетке 5,6 миллион сом зыян келтирилгени боюнча Улуттук госпиталдын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын аткарылышы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 6-февралында Улуттук госпиталдын жооптуу кызматкерлери «Тороцеф», «Цеф 3», «Цефтрокс - Цефазон» аталышындагы дары-дармектерди өз баасынан жогорулатылган суммада сатып алышкан.
Бул үчүн 49 800 981 сом каражат бөлүнгөн. Натыйжада мамлекетке 5 606 000 сом зыян келтирилген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

25000 сомдук компьютер 30000 болуп келип жатат пентюм 4 менен.