Кечээ Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

20-октябрга караган түнү саат 21:50 чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3-3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берип ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Көк-Жаңгак шаарынан түштүккө карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышка карай 17 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 18 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 50 чакырым жана Кочкор-Ата шаарынан түштүк-чыгышка карай 60 чакырым аралыкта орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Аллах асырасын бизди!