super.kg logo
  Саясат  

Туйгунаалы Абдраимов мандат талашкан талапкерлерге: "Бири-бириңер менен атышкыла, өлтүргүлө, бирок бизди аралаштырбагыла"

 
"Бири-бириңер менен атышкыла, өлтүргүлө, бирок бизди аралаштырбагыла",- деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов "Республика-Ата Журт" партиясынан чыгарылган талапкерлерге кайрылып. Мындай пикирин БШКнын 20-октябрда өткөн жыйынында айтты. Төрага талапкерди тизмеден чыгаруу партиянын ички иши экенин белгиледи. "Бизди өз ишиңерге аралаштырбагыла, биз иштешибиз керек. Партиянын ички маселесин чечүү БШКнын позициясына жатпайт",- деди төрага.
Жыйынтыгында төрага 9 талапкердин сотко жазган арызын Жогорку Сот караган соң кайра БШК карап чыга турганын билдирди. 
Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" партиясы 15-октябрда 70 талапкерин "бир мандатка жетиштүү добуш ала албады" деп тизмеден чыгарган. Алардын 15и тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогонун билдиришип, анын 8и Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 18-октябрь күнү арыз менен кайрылышкан. Сот алардын арызын канааттандырган эмес. Ошондой эле "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын бир талапкери бар.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: