Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев куралчан жоокерге бычак менен кол салганы үчүн ага бир нече ок чыгарылган



Качкын кылмышкер Азамат Мусуралиев атайын багыттагы жоокерге бычак менен кол салганы үчүн ага ок чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
Маалыматка ылайык, Мусуралиевге ок тийип, ошол жерден каза тапкан. "Издөө иштеринде эки жоокер эч ким жашабаган турак жайдын ичине киришип, Мусуралиевди көрүп калышкан. Алар эскертүү катары ок чыгарышканда ал баш ийбей, бычак менен кол салган. Ошондо ага карата бир нече ок чыгарылган",- дешти күч түзүмдөрүнөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мусуралиевге 9 ок чыгарылган.
Айта кетсек, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылы тараптан Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү. Учурда бул аймакта "аны менен чогуу жүргөн" делген Алтынбек Итибаев изделүүдө.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
4

Комментарийлер(76)
Dan4ik88

20.10.2015. 16:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бирин өлүп, бирин кал!
1 | 2 | 3 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.