№50-абактан качып баратканда кармалгандардын дагы бири түрмөдө каза болду

№50-абактан качып баратканда кармалгандардын дагы бири Бакыт Кенжегулов бүгүн, 21-октябрда эртең мененки саат 05:00 чамасында түрмөдө каза болду. Ал СИЗО-1деги камерада жалгыз отурган. Жүрөгү ооруп, дем алуусу кыйындаганда аны оор абалда тергөө абагынан №47-түзөтүү колониясынын алдындагы борбордук ооруканага түндө алып келишкен. Азыркы тапта тергөө абагында иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Б.Кенжегулов 1978-жылы Чүй облусунун Москва районунда туулган. 2013-жылы 16-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "террорчулук", "уюшкан кылмыштуу топту уюштуруу", "баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо", "атуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо" беренелери менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Абактан качып баратканда кармалган Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан улам кечээ каза болгон эле.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.


Онорлууго озгочо бир шан менен.
Омурлошум замандашым бар болсун.
Отот омур карангы тун тан менен
Жаралган жаш кайтып кайра келбешине.
Жарчы болуп келгеним жок бул жашоого,
Жалган жашты таразалап тендешинде.
* Бил мекендеш бир адам деп жанылбагын.
* Бири качсын бири сатсын бири болсо тим жатсын,
* Бирок билгин бул менин КЫРГЫЗСТАНЫМ.