Кылмышкерди кармоо учурунда граната жарылып, бир жоокер каза болду
22-октябрда милицияга Достук конушундагы
үйлөрдүн биринде Алтынбек Итибаевдин жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция ошол аймактагы үйлөрдү текшерүүгө алган. Учурда А.Итибаевди кармоо
операциясы жүрүүдө. Кылмышкер тараптан ыргытылган граната жарылганда бир жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

каап атаңгөрү, мына ушулардын айынан байкуш жоокер.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.