Баткен шаарында мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды
Баткен шаарында мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен
ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди. Маалым болгондой, Кылмыш иликтөө кызматы тарабынан мал уурулукка шектелип 41 жаштагы И.К. жана 42 жаштагы
Ж.М. аттуу эки атуул кармалып, Кылмыш жана жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн
негизинде кылмыш иши козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Тергөө иштеринин натыйжасында бул эки шектүүнүн мындан башка дагы 8 мал
уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Автор: Наргиза Бекжанова
Айта кетсек, Баткен облусу боюнча 2015-жылдын 9 ай аралыгында 78 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 49 кылмыштын бети ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.