“Өкмөт эми гана Жаза аткаруу кызматына көңүл бура баштады” дейт Александр Никсдорф
“Өкмөт эми гана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына көңүл бура баштады”,- деди бүгүн, 23-октябрда “Абактардагы радикалдуу идеяларды таратуу” деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Александр Никсдорф.
“Мамлекет мурда эле ЖАМКтын көйгөйлөрүн чечиши керек эле, бирок №50-СИЗОдон кылмышкерлер качкандан кийин гана иш жүрө башталды. Буга чейин Ак үйгө Жаза аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча алты нормативдик-укуктук документ жөнөтүлгөн. Жогорудагы окуя болгондон кийин гана жылыш болду”,- дейт Никсдорф.
Анын айтымында, №19-түзөтүү колониясында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, мындан кийин диний кылмыштуулук менен кармалгандар ушул түрмөгө отургузулат. "Диний экстремизм боюнча айыпталып кармалган адамдар эми башка бөлүктөргө которулат жана абактагыларды кайтаруу күчөтүлөт",- деп убадалады ЖАМКтын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
2

Озу мурун билип алдын алып чуркап жургондой