super.kg logo

Бишкекте СССРдин Эл артисти, комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

 
26-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, профессор, комузчу-аткаруучу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган «Комуз өнөрүнүн жароокер бийик периси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу китепканадан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук уюмдар, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, Самара Токтакунова репертуарында Токтогул, Мураталы, Ниязалы, Атай, Ыбырай, Карамолдонун жана башка комузчулардын ондогон күүлөрү болгон. Анын күүлөрүнүн көпчүлүгүн
К.Орозовдун күүлөрү түзгөн.
1975-жылы комузчу эки бөлүмдөн турган өзүнүн жеке концертин берген. 40 программалык мелодиядан турган концерттин ичинен көбү Кыргыз радиотелекомпаниясынын алтын фондуна жазылып, сакталып турат.
Токтакунова КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада, Германияда, Испанияда, Австрияда, Бельгияда, Түркияда, Монголияда, Японияда, Кытайда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө концерт коюп Кыргыз Республикасын тааныткан.
Ал Гаванадагы XI Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Алматыдагы Эл аралык фестивалдын лауреаты болгон. Ага Манас ордени, Даңк медалы, Вьетнамдын Достук ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы берилген. «Руханият», М.Ауэзов атындагы сыйлыктарга татыган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын залкар инсаны. Дайыма бар болунуз Самара эжеке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: