super.kg logo
  Саясат  

Качкын кылмышкерди кармоо операциясынын кесепеттерин жоюу боюнча техникалык топ түзүлдү

 

Бүгүн, 23-октябрда премьер-министр Темир Сариев катышкан жыйында №50-абактан качкан кылмышкерди кармоо операциясынын кесепеттерин жоюу боюнча техникалык топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго Достук конушуна барып, тургундарды жарык, суу жана газ менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди уюштуруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле каза болгон тургундардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөрү айтылды. Мындан сырткары өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө каза болгон жарандардын жерге берүү зыйнатын уюштуруу тапшырылды.

"Тез арада кылмышкерди кармоо операциясы жүргөн 3 кабаттуу үйдөгү келтирилген чыгымды эсептеп чыгып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек",- деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: