super.kg logo
  Саясат  

Президент Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү менен инвесторлорго жаңы эшиктер ачылганын айтып, япон ишкерлерин кыргыз жерине чакырды

 

Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин катышуусунда жыйын өтүүдө. Ага япон жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышып жатат. Кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчы бүгүн өлкөлөр ортосундагы пикир алышууга шарт түзүлгөнүн белгилеп өттү.

"Тар чөйрөдө жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Япониянын кызматташтыгына тоскоол болчу нерсе жок экендигине күбө болдум. Японияда да, кыргыз жеринде да парламент маанилүү ролду ойнойт. Октябрь айынын башында парламенттик шайлоо болду. Жаңы технологиялар боюнча жабдуу алууга гранттык жардам берген япон өкмөтүнө ыраазчылык билдирем. Япониянын мамлекетибизге техникалык, гранттык жактан ар тараптуу колдоо көрсөткөнүнө ыраазыбыз. Япон өлкөсү Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу жаатында да жардам көрсөтүп келет. Кыргыз өлкөсү август айында Бажы биримдигине кирди. Бул жаатта кыргыз өлкөсүндө инвестиция үчүн жаңы эшиктер ачылууда",- деди президент.

Кыргыз Республикасында салыктар жана валюта рыногу либералдуу болуп саналарын айтып, япон ишкерлерин кыргыз жергесинде иштөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: