super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлигинин буйругу менен Мамлекеттик сатып алуулар жаатында 8 документ бекитилди

 

Каржы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы "Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы
ченемдик-укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" буйругу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы бир катар ченемдик-укуктук актылар бекитилди. Министрлик 26-октябрда билдиргендей, бекитилген ченемдик-укуктук актылар булар: 

- Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү эрежелери жөнүндө жобо;

- Ички жеткирип берүүчүлөргө жеңилдиктерди колдонууга усулдук нускама;

- Сынактык билдирмелерди баалоо боюнча усулдук нускама;

- Алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндө жобо;

- Сатып алуучу уюмдардын аракетине же аракетсиздигине даттанууларды карап чыгуу боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын иштөө жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз жеткирип берүүчүлөрдү Маалыматтар базасына киргизүү тартиби жөнүндө жобо;

- Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкмалар жана бааны төмөндөтүү ыкмасы менен товарларды сатып алууга стандарттуу сынактык документация;

- Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкмалар менен жумуштарды сатып алууга стандарттуу сынактык документация;

- Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкмалар жана бааны төмөндөтүү ыкмасы менен товарларды сатып алууга стандарттуу сынактык документация.

Буйруктун максаты - сынакты өткөрүү жол-жоболорун "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү.  

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: