"Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышты
25-октябрдан 26-октябрга караган түнү "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Маалым болгондой, саат 23:30 чамасында "103" телефон номерине 20-23 жаштагы Керимкулова аттуу кош бойлуу айымдын ичи ооруп жатканы тууралуу чалуу түшкөн. "Берилген дарек боюнча турак жайга дарыгер Азамат Атакозуев жана фельдшер Карыпбаев барышып, медициналык жардам көрсөтүп башташкан. Бул учурда "айымдын жолдошумун" деп өзүн тааныштырган адам дарыгерлерге тоскоолдук кылган. Андан соң ал досу менен биргеликте дарыгерлерди ур-токмокко алган.
Милиция кызматкерлери келишип, бирөөсүн кармаганга үлгүрүштү. Экинчиси качып кетти. Азыркы тапта дарыгер Азамат Атакозуев Улуттук хирургия борборунда дарыланууда. Ал гематома, мээнин чайкалуусуна жана ички органдарынын жабырланышына дуушар болгон. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө",- дешти "Тез жардам" кызматынан.


Киресинер да , врачтар силерге милдеттуу , же карыз сыяктуу мамиле кылып. Лично менин эч киминерге карызым жок, жакшы адамдай мамиле кылсанар , мен андан да жакшыраак жардам корсотом !
Карызым жок, окууну атамын акчасына бутком.
:) создун жаман жагына алып , тез эле терс жактарды издегенди жакшы корот окшойсун. Элге татыктуу кызмат кылып келип жатам Кудай буйруса , рахматсыз басып кеткени да бар , ыраазылыгын корсотуп кеткени да бар.
Менин басым жасаганым , пациент менен врачтын ортосундагы мамилени айттым. Милдеттуусун мени караганга деп келгендерди алыс жонотом .
Мага ошондой келгендерди аябай жакшы кабыл алам.
Кесибими так аткарып келе жатам Кудай буйруса , минус эч нерсе эмес.Негизгиси бири бирибизди баалай билгендикте .