БШК төрагасы Германиянын Федералдык өкмөтүнүн координатору менен партия ичиндеги талапкерлердин тизмесине байланышкан чыр-чатактарды талкуулады
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Орусия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүгү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык өкмөтүнүн координатору Гернот Эрлер мырза менен жолугушту. БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар жолугушууда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана парламенттик шайлоого катышкан жарандардын саны, ошондой эле партия ичиндеги талапкерлердин тизмесине байланышкан чыр-чатактарды талкуулашты.
"Биз сиздерде парламенттик шайлоонун ачык жана таза өткөнүнө чын дилибизден кубандык. Кыргыз Республикасы үчүн таза жана ачык шайлоого умтулуу салт болуп калды",- деп айтты Гернот Эрлер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

