super.kg logo

Ысык-Атада 3-сентябрдан бери изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 1966-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 27-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, 17-сентябрда милицияга аталган райондун Ивановка айылынан 27 жаштагы кыз кайрылып, 1966-жылы туулган Д.Е. аттуу апасы 3-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин билдирип, издөөгө жардам берүүнү суранган.
Жоголгон кезде күйөөсү Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине аялы менен уруша кетип, андан кийин аялы үйдөн чыгып кеткенин айткан. Жакын туугандары милицияга ал аялды 3-сентябрдан кийин көрө электигин билдиришкен. 
Милиция Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы ооруканалардан жана өлүк сактоочу жайлардан издеген.  
 
23-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Ивановка айылынын батыш тарабынан (арыктын ичинен) бир аялдын жансыз денеси табылган. 27 жаштагы Ф.А. аттуу кыз каза болгон жарандын көйнөктөрүн көрүп, ал аял апасы экенин тааныган. 
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1963-жылы туулган Д.В. аттуу маркумдун күйөөсү кармалды. Ал камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.10.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Деги тынчтык эле болсо экен
27.10.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактай коор! Эмне деген заманда жашап жатабыз
27.10.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Аял кишилер бир аз тилин тыйса, элибизде тынччылк, Бактылуулук жана баары жайында болмок. Тойгозгон окшойт күйөөсүн.
27.10.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
shailoo2015, ооба десен! Эркек киши шымын булгап алса да аял куноолу
27.10.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
shailoo2015, күйөөсү да аялга окшобой эркекке окшосо.Азыркы кээ бир эркектер аялдан өтөт.КыскасЫ ар ким өз ордун,милдетин билиш керек үй бүлөдө.
27.10.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол тыйылбаган тилди куйоолору узартат да. Бир куну ушундай тили узун аялдын куйоосу Кудайга нааразы болуп айтып жатыптыр: "Оо Кудай, кыз кезинде жакшы эле, эмнеге азыр мындай жаман аял болуп калды?" Анда кудай жооп бериптир: "Кыз кылып мен жараткам, а аны аял кылган сенсин!" деген экен.
27.10.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча жылы анын ысыгына куйуп суугуна тонуп жашап келген аялына неге мындай мамиле кылат. Эркектер кызык калк экен...
28.10.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялзатынын тили жондон жон эле узарып кетпейт да. Уй-було учун аны-муну кылышкерек деп куйуп, куйоосуно айта берип эле тили узарат. Тили узарбаш учун эркек эркектей болуш керек. Азыркы заманда аялдар кундузу кечке иштеп акча таап, кечинде уйдогу тиричилик менен убара,копчулук эркектер бала-чака багууну ойлоштун оордуна же арак менен дос,же аялынын мойнунда отурушат же кичине тапкан акчасын кочодогу сойкуларга чачып журо беришет. Турмуштун арабасын аял жалгыз суйроп,тили да узарып кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: