super.kg logo

Бишкек менен Оштун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча акыркы 4 жылда 98 кичи долбоор ишке ашырылды

 

Бишкек жана Ош шаарынын инфраструктурасы долбоору боюнча акыркы 4 жылда 98 кичи долбоор ишке ашырылды. Каржы министрлиги 26-октябрда билдиргендей, 2008-жылы башталып 2012-жылы аяктаган долбоорду кайра улантуу боюнча 2012-жылы чечим кабыл алынган. Андан бери аны каржылоого Дүйнөлүк банк 15,8 миллион доллар бөлүп берсе, өкмөт 1,3 миллион доллар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1,5 миллион доллар жумшашканы айтылды.       

"Долбоорду кошумча каржылоонун алкагында 98 долбоорчо ишке ашырылды. 8 орто мектеп, 19 бала бакча, 2 бейтапкана, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 4 фельдшердик-акушердик пункт, 9 машыгуу залы, 8 универсалдуу спорт аянтчасы, 6 кичи футбол талаасы, 2 маданий-маалымат борбору, 10 балдар ойноочу аянтча, 6 тротуар, 5 коомдук сейил бак жана гүл бак, 10 сугат жана арык системи курулду жана оңдолду",- деп айтылат маалыматта.

Долбоор быйыл декабрда аяктайт. 

 

 

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис дагы бир аз мэр болуп турганда бир топ иштерди бутурмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: