super.kg logo

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Кылмышка шектүү катары ага-карындаш кармалды

 

Бишкекте адам өлтүрүү боюнча шектелип ага-карындаш кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда 21:30да Биринчи Май райондук милициясына шаардын конуштарынын биринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, азиат улутундагы 40-45 жаштардагы адамдын киши колдуу болгон жансыз денесин жана анын жанынан кандын тактары бар, узундугу 1,5 метр таякты табышкан. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Лейлек районунун 30 жаштагы Ш.Б. жана 33 жаштагы Ш.И. аттуу тургундары кармалышкан. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө",- деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына ылайык, каза болгон 39 жаштагы адам Ш.Б. аттуу келин менен 3 ай чогуу жашаган. 25-октябрда алардын ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен. Мушташта аялдын агасы аны катуу ур-токмокко алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.10.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Алла сактай гор, не палээ азыр адам олтургучтор кооп.
27.10.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтургон чымчык олтургондой эле болуп калды го эркек аял дебей айрыкча койнундагы аялдары
27.10.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ме сага
27.10.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири-бирин өлтүргөн үйдөгү чычканды капкан менен кымчып өлтүргөндөй эле болуп калдыго!
Тооба кылдым тооба кылдым жаман иш болуптур,кийин өкүнөт!
28.10.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лейлектиктер да ушундай жаман иштерди жасабагылачы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: