16 жаштагы кызды Москвага мыйзамсыз алып кетүүгө аракет жасаган Орусиянын жараны кармалды
Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарындагы аэропортто кыргыз жаранын Москвага мыйзамсыз алып кетүүгө аракет жасаган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Ош - Москва каттамын даярдоо учурунда Ош аэропортунун көзөмөл-өткөрүүчү жайындагы чек арачылар 1999-жылы туулган Б. кызы Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын башка бирөөнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү менен алып кетүүгө аракет жасаган адамды кармашты. Ал адам Орусиянын жараны экени аныкталды. Тиешелүү документтер даярдалган соң кармалган адам УКМКнын аймактык кызматкерлерине берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

Орус келип , кыргыз жаранын алып кетмек беле ?