super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүм футболчуларыбыз Непал курамасынын ордуна Азия чемпиондугуна чыкмай болушту

 

16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.  

Кошумчалай кетсек, Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алган. Анда өспүрүм курактагы футболчуларыбыз Оман, Непал жана Иордания курамалары менен беттешип, тайпада 3-орунду ээлеп калган. Анда команда 2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугуна мелдешке жолдомо албай калганын жазганбыз. Эми Непалдын бардык оюндары жокко чыгарылып, калган 3 команданын упайлары эсептелинген. 

Непал катышкан оюндарды эсепке албаганда, тайпада төмөнкүдөй жыйынтык катталган:  

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Кыргыз Республикасы

2

3

2

Оман

2

3

3

Иордания

2

3

4

Непал 

0

0

 

Тайпадагы бардык оюндардын жыйынтыгы:

1-тур. 16-сентябрь.

Непал - Иордания - 3:1 (Фоторепортаж)

Оман - Кыргыз Республикасы 2:0 (Фоторепортаж)

2-тур. 18-сентябрь.

Иордания - Оман - 2:0 (Фоторепортаж)

Кыргыз Республикасы - Непал - 2:4 (Фоторепортаж)

3-тур. 20-сентябрь. 

Оман - Непал - 3:1 (Фоторепортаж)

Кыргыз Республикасы - Иордания - 4:1 (Фоторепортаж)

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.10.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жакшы ойногула жигиттер!
28.10.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кабар гооо
28.10.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga kyrgyzstan Emi jakshu oinogula Buiursa jenesiner Areket kulup oinogula
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: