Нарын. 8-Март майрамына карата Нарын шаарынын алдынкы айымдары сыйланышты





6-мартта Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев шаардагы мекеме, ишканалардагы жетекчи айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет.
Майрамдык иш-чарада илим менен өндүрүштө, социалдык-маданий чөйрөдө, мамлекеттик башкарууда жана коомдук иштерде үлгү көрсөткөн жетекчи жана ардагер айымдар сый тамак жана жагымдуу белектер менен сыйланышты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

