Жогорку Сот добуштарды кайра санатуу боюнча "Бүтүн Кыргызстан - Эмгектин" арызын канааттандырган жок
Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы бүгүн, 27-октябрда "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын арызы боюнча ишти карады. Анда партиянын добуштарды кайра санатуу талабы канааттандырылган жок. 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту партиянын арызын канааттандырып, БШКны добуштарды кайра саноого милдеттендирген эле.
Эскерте кетсек, "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы шайлоодон кийин Ош, Жалал-Абад жана Чүйдөгү айрым шайлоо тилкелеринде добуштарды автоматтык түрдө жана кол менен эсептөөдө ири айырма чыгып жатканын билдирип, аларда кайра санак жүргүзүү талабын коюп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

